Кара-Кулжада селге агып кеткен бир үй-бүлө: 4 жаштагы баланын сөөгү табылды

Кара-Кулжа районунда сел агызып кеткен унаанын дагы бир жүргүнчүсүнүн жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 30-июнда саат 22:15 чамасында Жетим-Дөбө айылынын Абышка-Оозуу тилкесинде сел жүрүп, Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаасын агызып кеткен.

"Унаанын ичинде 5 жаран болгон. 1 жаран жергиликтүү жарандар тарабынан куткарылып, калгандарын сел алып кеткен. Буга чейин куткаруучулар 3 жарандын сөөгүн издеп тапкан. Дагы бир изделип жаткан жарандын сөөгү табылды", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Ош облустук милициясы 36 жаштагы күзөт кызматынын кызматкери, 34 жаштагы анын жубайы жана 12 жаштагы уулунун сөөгү табылганын, ал эми 8 жаштагы кызы аман калганын, ошондой эле 4 жаштагы уулу изделип жаткан маалымдаган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан