Бүгүн, 1-июлда Токмок шаарына жакын жердеги айланма жолдо жол кырсыгы катталып, унаа жолдо узун тыгын жаралды.
Анда оор жүк ташуучу унаа айланма жолдон артка кайрылып жатканда артынан Хюндай үлгүсүндөгү унаа келип сүзгөн.
Жыйынтыгында фура айланма жолду тосуп туруп калган.
Учурда жеринде МАИ кызматкерлери иш алып барышууда.