Монголиянын 2 жылдан бери издөөдө жүргөн жараны Бишкектен кармалды

Монголиянын 2 жылдан бери издөөдө жүргөн жараны Бишкек шаарынан кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМ Монголиянын Интерполу менен биргеликте 1983-жылы туулган Г.У. аттуу жаранды Бишкек шаарынан кармашкан. Ал 2022-жылдан бери баңги жана психотроптук заттарды мыйзамсыз сатуу жана даярдоо боюнча издөөдө жүргөн.

Шектүү 2022-2023-жылдары үй-бүлөсү менен чогуу Түркиянын Стамбул шаарынан Улан-Батор шаарына синтетикалык "кристалл метамфетамин" баңгизатын ташууну жөнгө салып алган.

"Аталган шектүү Кыргызстанга баңгизатты сатууну жөнгө салуу максатында келген. Кармалган жаран Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Аталган факты боюнча учурда тиешелүү органдар тарабынан экстрадициялоо маселелери чечилүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан