Талас районунда жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткен жайыт жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, райондук прокуратура Беш-Таш айыл аймагында жайгашкан 3,4 гектар жайыт жер жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткенин аныктаган. Аталган жер аянтына турак жай куруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан токтомдор кабыл алынып, анын негизинде мамлекеттик каттоо органы тарабынан 34 жеке жактарга менчик укугун ырастай турган мамлекеттик актылар дайындалып берилген.
"Аталган мыйзам бузууларды четтетүү максатында прокуратура тарабынан жергиликтүү сот органдарына 54 доо арыздар келтирилип, соттук кароонун жыйынтыгы менен доо арыздар канааттандырылган. Натыйжада 10,2 миллион сомду түзгөн жайыт жер толугу менен мамлекеттин балансына кайтарылды", - деп айтылат маалыматта.