Ошто жасалма акчага телефон сатып алган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 26-июнда милицияга Кара-Суу шаарынын 2006-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. Ал 11-июнда белгисиз эркек киши 2 даана iPhone 14 Pro үлгүсүндөгү телефондорун 1400 долларга алганын, бирок акча жасалма экенин айткан.
Бул факты каттоого алынып, күмөн жараткан акчага соттук-техникалык экспертиза дайындалган. Натыйжада, аталган акча каржаттары түстүү принтерден чыгарылганы аныкталган.
Топтолгон материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренеси (Жасалма акчаны же баалу кагаздарды жасоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары Кара-Суу районун 1994-жылы жана 1992-жылы туулган тургундары кармалышып, убактылуу камакка алынган.
Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешеси бардыгын аныктоо иштери жүрүүдө.