Биз социалдык тармакта

Абшыр-Ата жолундагы сел алып кеткен көпүрө калыбына келтирилүүдө (видео)

Ноокатта сел кесепетинен ураган Абшыр-Ата жолундагы көпүрө калыбына келтирилүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда ӨКМден билдиришти.

Маалым болгондой, Ноокат районунун Кулатов айыл аймагында 30-июнь күнү, Көк-Жар–Абшыр-Ата унаа жолунун 8-чакырымындагы көпүрө селден улам жараксыз абалга келген. Натыйжада Кулатов жана Көк-Жар айыл аймактарынын ортосундагы жол каттамы үзгүлтүккө учураган.

Ага ылайык, 37-Жол тейлөө ишканасынын карамагында турган Абшыр-Ата жолундагы Шаран-Сай көпүрөсүндө учурда ӨКМ тарабынан калыбына келтирүү жумушу жүрүүдө.

"Жеринде ӨКМден жалпы 5 инженердик техника тартылган. Көпүрөнү калыбына келтирүү бүгүн кечке чейин бүтөрү күтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

ӨКМ Абшыр-Ата көпүрөсүн калыбына келтирүүдө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан