Бүгүн, 1-июлда Баткен шаарында үч эм төрөтканадан чыгарылды. Бул тууралуу Баткен шаардык мэриясынан кабарлашты.
Ага ылайык, шаардын Чет-Булак аймактык башкармалыгынын тургуну Нурсултанбек Каримберди уулу менен Элмира Абдыкалыкова 19-июнда үч эмдүү болушкан.
"Бүгүн Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов үч эмдин ата-энесин куттуктап, туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн тапшырып, үч коляска белек кылды. Үчөө тең кыз. Аларга Мариям, Муслима жана Малика деген ысымдар ыйгарылган", - деп айтылат маалыматта.
Түгөйлөрдүн буга чейин бир кызы болгон.