Оштогу Абшыр-Ата жолу калыбына келтирилип, жол ачылды

Ош облусунун Абшыр-Ата айылындагы Шаран-Сай көпүрөсү 4 сааттын ичинде калыбына келтирилди. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, жол каттамын ачууга ӨКМден 5 инженердик, "Түштүк-Кыргызцемент" заводунан 4 атайын техника тартылган.
Эртең менен саат 9:00дө башталган жумуш 13:00дө толугу менен бүткөрүлүп, унаалардын бардык түрү үчүн жол ачылгандыгы айтылат.
Белгилей кетсек, Ноокат районунун Кулатов айыл аймагында 30-июнь күнү, Көк-Жар–Абшыр-Ата унаа жолунун 8-чакырымындагы Шаран-Сай көпүрөсү селден улам жараксыз абалга келген. Натыйжада Кулатов жана Көк-Жар айыл аймактарынын ортосундагы жол каттамы үзгүлтүккө учураган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан