Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды 

Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү баңгизат сатууга шектелип кармалышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга Жалал-Абад облусунун аймагында баңгизат сатуу менен алектенип жүргөн жарандар тууралуу маалымат түшүп, бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Натыйжада ИИМ Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери менен биргеликте баңгизат сатуу менен алектенген адамдардын уюшкан тобун аныктап, аларды колго түшүргөн. Ошондой эле кылмыштуу топтуп мүчөлөрү 1994-жылы туулган А.К. жана 1982-жылы туулган З.М. аттуу жарандардын жашаган жерлеринен гашиш баңгизаты табылган.

Кармалган 2 шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Аталган жарандар ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары турушканы белгилүү болгон.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

01.07.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан