Абшыр-Ата сайында жаш баланын жансыз денеси табылды 

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Абшыр-Ата айылындагы Абшыр-Ата сайынан издөө иштеринин натыйжасында жергиликтүү тургундар тарабынан бүгүн, 1-июлда саат 15:50дө жаш баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, анын сөөгү ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Учурда табылган баланын өздүгүн тактоо иши жүрүүдө.

Бүгүн ӨКМден аталган сайга издөө үчүн 85 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 100дөн ашуун адам тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан