Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш бүгүн, 1-июлдун кечинде Кыргызстанга келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалымдалгандай, баш катчыны “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тосуп алды.
Сапардын алкагында Гутерриш Чолпон-Атада президент Садыр Жапаров, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, БУУнун Өнүктүрүү программасынын долбоорлорунун бирине барары пландалууда.
"Тараптар БУУнун алкагында кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулайт, ошондой эле эл аралык мамилелердин күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашат", - деп айтылат маалыматта.