Министрлик: "Ноокатта 45 баш мал жандык селге аккан"

Ноокат районунда 28-30-июнь күндөрү катталган селден 8 чарба аралык каналдар зыянга учурады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Ага ылайык, жалпы 45 баш мал жандыктын өлүктөрү табылып, ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык атайын чуңкурчаларга көмүлгөн. Ал эми райондо сел каптаган айдоо аянты жалпысынан 7,47 гектарды түзөт.

Анын ичинен:

  • буудай - 1 гектар
  • жүгөрү - 3,36 гектар
  • картошка - 0,25 гектар
  • беде - 2,86 гектар

Ноокатта катталган селден айдоо аянттарына 198 430 сом зыян болгону айтылат маалыматта.

Учурда табигый кырсык катталган жерде 25 кызматкер, 7 атайын техника ишке тартылып, жеринде кыйроолорго учураган объектилерде биринчи кезектеги калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп, сугат суу берүү жандандырылууда.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан