Орусиянын күрөш боюнча курамасынын машыктыруучусу терроризмге шектелип кармалды

Москванын Щербин райондук сотуна эркин күрөш боюнча машыктыруучу Алишери Исматзоданы камакка алуу боюнча тергөөдөн өтүнүч келип түштү. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.

Андагы маалыматка ылайык, Исматзода террордук ишмердүүлүккө көмөктөшкөн деп шектелүүдө (Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 1-бөлүгү).

Орусиянын Күрөш федерациясы Алишери Исматзода кармалганын тастыктады.

"Бизди бул маалымат таң калтырды, бирок, тилекке каршы, ошондой", - деп билдиришкен федерациядан.

Машыктыруучу так кайсы террордук ишке шектелип жатканы белгисиз.

Москва мэриясынын сайтындагы маалыматка караганда, Алишери Исматзода 1992-жылы туулган. Ал Москвадагы №1 орто адистештирилген олимпиадалык резерв окуу жайында машыктыруучу болуп иштейт. Исматзода ошондой эле спорттун бул түрү боюнча Орусиянын жаштар курама командасынын (16 жашка чейинки кыздар) жана Москванын жаштар курамасынын (16 жашка чейинки балдар) машыктыруучусу болуп иштеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан