Ысык-Көлдө селге кабылган чет элдик жарандарга жардам берилди

Ысык-Көлдө селге кабылган чет элдик жарандарга куткаруучулар жардам беришти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Кечээ, 1-июлда түнкү саат 23:30 чамасында жааган жаандын кесепетинен Болот Мамбетов айыл аймагына караштуу Ак-Сай тилкесинде сел жүргөн.
Көлгө түшүп, жээкте чатыр менен түнөп калышкан орусиялыктар селге кабылганы айтылат.
"Сел 11 туристтин кийим-кечесин, буюмдарын агызган. Аларга ӨКМдин Тоң району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн куткаруучулардын ыкчам тобу жардам беришти. Туристтерди сел жүргөн аймактан Бөкөнбаев айылындагы жатаканалардын бирине жайгаштырышкан", - деп жазылат анда.
Эс алуучулардын арасында жабыркагандар жок экени кабарланат.
видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан