"Баш мээси чайкалган". Бишкекте "Тез жардамдын" кош бойлуу дарыгери сабалды (видео)

Бишкекте "Тез жардам" кызматынын дарыгери сабалды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 2-июлда "Тез жардам" борборунун директорунун орун басары Егор Борисов тастыктады.

Маалыматка ылайык, окуя 30-июнда болгон. Ал күнү "Тез жардам" кызматына "баланын ичи ооруп жатат" деген чакыруу түшкөн. Айтылган дарекке барган дарыгерлер баланы карап, ооруканага жаткыруу зарылдыгы жок экенин айтышкан. Бирок баланын апасы ооруканага жеткирүүнү талап кылып, дарыгерге кол салган. Мындан улам дарыгердин баш мээси чайкалып, Улуттук госпиталга жаткырылган. Сабалган дарыгер кош бойлуу болгон.

"Милицияга арыз жаздык. Укук коргоо органдары тарабынан чара көрүлөт деп күтөбүз", - деди Борисов.

Ленин РИИБинен бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын билдирди.

"Тиешелүү экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгы менен процессуалдык чечим кабыл алынат", - деп айтылат маалыматта.

02.07.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан