Бүгүн, 2-июлда Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаров менен Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриштин жолугушуусу өтүп жатат. Анда баш катчы Кыргызстанды "тынчтыктын символу" деп атады.
“Коңшу мамлекеттер менен чек ара маселесин тынчтыкта чечип жаткандыгы үчүн Кыргызстанды “тынчтыктын символу” деп атасак болот”, - деди ал.
Ошондой эле Гутерриш буга чейин Кыргызстанга бир нече жолу келгенин айтып, бирок учурдагыдай өсүү байкалбаганын белгиледи.
“Мурун Кыргызстан “уктап жаткан сулуудай” болчу, ал эми азыр “ат чапкан жигиттей” болуп турат”, - деди баш катчы өз сөзүндө.