"Альянс Алтын" өнүктүрүү фонду спорт тармагына 41,5 миллион сом жумшады

“Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду 2016-жылдан бери Талас облусунда дене тарбия жана спортту колдоого багытталган 98 долбоор үчүн 41,5 миллион сом жумшаса, акыркы бир жыл аралыгында 8,7 миллион сом жумшалып 12 долбоор ишке ашкан.

Алардын бири 2024-жылдын 24-июлунда «Альянс Алтын» компаниясы «Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду менен Талас облусунан чыккан, КРнын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөлөрү Нурзат Нуртаева, Азиза Шумкарова, Бермет Нуридин кызы, Арууке Кадырбек кызына Азия чемпионатынын алдында акчалай сыйлык жана спорттук кийим тапшырды.

Балбан кыздар компанияга ыраазычылык билдирип, айрыкча спортчуларга атактуу болгондон кийин гана колдоо көрсөтүлөөрүн, ал эми «Альянс Алтын» аларды башынан бери колдоп келе жатканын белгиледи.

“Компанияга ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Ал менен бирге бизди чоң жеңиштер күтүп турат деп ишенебиз”, - деген Нурзат Нуртаева менен Арууке Кадырбек кызы.

Нурзат Нуртаева Иордания өлкөсүндө 2024-жылдын 27-30-июль күндөрү өткөрүлгөн 23 жашка чейинки жаштар арасындагы Азия чемпионатында алтын медаль, ал эми Арууке Кадырбек кызы коло медаль тагынды.

Компания “Талас облусунун балбандарына” мекемесине демөөрчүлүк кылып келе жаткан бир жыл аралыгында өнөктөштөрү менен бирге 11,6 миллион сом каражат жумшады. Андан тышкары колдоо көрсөтүү ирээтинде Кыргызстандын Олимпиада комитетине 3 жылдын ичинде 6 млн сом которгон.

Ал эми “Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду жогоруда белгилегендей 2016-жылдан бери Талас облусунда дене тарбия жана спорт багытын колдоого 41,5 миллион сом каражат жумшаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан