Биз социалдык тармакта

Мектеп жетекчилерин тандоо: Документтерди кабыл алуу башталды

Мектеп директорлорунун сынагына документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
Талапкерлер документтерди 15-июлга (саат 18:00гө) чейин жеке электрондук почтасы аркылуу тиешелүү облустун электрондук дарегине жөнөтүүсү керек.
окументтерди өз убагында бербөө, аларды толук эмес көлөмдө берүү талапкерди сынакка катышуудан четтетүүчү негиз болуп саналат. Сынактын талапкеринен жетишпеген документтерди талап кылууга тыюу салынат. Талапкер жалпы билим берүү уюмунун жетекчисинин бир гана бош кызмат ордуна талапкер боло алат.
Бир эле жалпы билим берүү уюмунда жетекчилик кызмат ордунда 10 жылдан ашык иштеген талапкер ошол эле мекеменин жетекчилик кызмат ордун ээлөө үчүн сынакка катыша албайт", - деп жазылат анда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан