Балыкчыда көл жээгиндеги 6 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Балыкчы шаарында көл жээгинде жайгашкан 6 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, Балыкчы шаардык прокуратурасы Озерная көчөсүндө жайгашкан, көл жээгиндеги 6,1 гектар жер тилкеси мыйзамсыз менчиктештирилип кеткенин аныктаган. Натыйжада прокуратура аталган жер аянты боюнча жеке тараптын укук аныктоочу документтерин жокко чыгаруу үчүн сотко доо арыз менен кайрылган. Сот арызды толугу менен канааттандырган.

"Шаардык мэрияга прокурордук талап келтирилип, кароонун жыйынтыгы менен орточо базар баасы 75 миллион 400 миң сомду түзгөн жер тилкеси мамлекетке кайтарылды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан