Өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
2-июлдан 7-июлга чейинки туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
"Сел коопсуздук эрежелерин сактаңыз!
- Арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз;
- Турак үй жайгашкан жерде жаан суулары агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздаңыз;
- Үй же сарай салууда, эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерге жакын эместигине өзгөчө көңүл буруңуз;
- Сел учурунда дароо коопсуз жайга кетиңиз;
- Мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү жарык, суу, газды өчүрүп чыгыңыз", - деп жазылат анда.