Баткенде 826 миң сомдук телефондорду уурдаган шектүү кармалды

Баткенде жалпы наркы 826 миң 66 сомду түзгөн телефондорду уурдаган шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, былтыр 20-июнь күнү милицияга Кызыл-Кыя шаарынын 42 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, телефон саткан дүкөнүнөн жалпы суммасы 826 66 миң сом турган товарларын уурдатканын айткан.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен кылмыш иши ачылып, шектүү жаранды издөө иштери башталган.

Издөөнүн журүшүндө шектүү катары А.М. аттуу жаран Талас облусунан кармалып, Кызыл-Кыя ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан