Ноокаттагы сел: БУУнун баш катчысы кыргызстандыктарга көңүл айтты

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Чолпон-Атадагы №2 мамлекеттик резиденцияда президент Садыр Жапаров менен болгон жолугушууда селден улам адам өмүрлөрүнүн кыйылышына байланыштуу кыргызстандыктарга көңүл айтты.

“Бул бир канча адамдын өлүмүнө алып келген коркунучтуу табигый кырсык. Жүрөгүм ооруп турат. Биз сиз мененбиз. Биз сизди колдойбуз”, - деди баш катчы Гутерриш.

Эске салсак, 28-июнда Ноокаттын Абшыр-Ата айылында сел жүргөн. Аталган аймактагы селдин кесепетинен каза болгондордун саны 10 кишиге жетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан