FSDS коомдук фондунун - «Кыргызстандын айыл калкынын азык-түлүк коопсуздугу» долбоору өлкөбүздүн Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында иш алып барууда. Долбоор дыйкандардын туруктуу кирешесин гана камсыз кылбастан, аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө да салым кошо ала турган туруктуу айыл чарба системасын өнүктүрүүгө карай маанилүү кадам болду. Долбоор жогорку ийкемдүүлүктү жана натыйжага багытталгандыгын көрсөтүү менен, конкреттүү маселелерди чечүүнүн эффективдүү моделдерин жана механизмдерин иштеп чыгууну улантууда. Жетишилген ийгиликтерди мындан ары өнүктүрүү жана кеңейтүү Кыргызстандын айыл калкын азык-түлүк коопсуздугун туруктуу өнүктүрүү үчүн бекем негиз болот, бул өлкөнүн келечегине кошкон маанилүү салым болуп саналат.
Бул долбоордун алкагында Жалал-Абад облусундагы бир нече катышуучу фермерлер менен сүйлөшүүгө жана алар тууралуу ийгиликтүү окуяны тасмага тартууга мүмкүнчүлүк алдык.