ЭЛДИК КАБАР: "Үч-Терек айылында сел калдыктары тазаланбай жатат" (видео)

Токтогул районунун Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Саргата айылында селдин калдыктары тазаланбай жатат. Мындай билдирүүнү жергиликтүү тургун ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө жөнөттү.

Айтымында, аталган айылда 30-июнда сел жүргөн.

Тургун арыктар толуп, тазанланбай жатканына нааразы болду. "Айыл өкмөттө тиешелүү техникалар бар. Бирок тазаланбай жатат. Бул төртүнчү жолу селдин келиши. Сел дагы бир жолу келчү болсо үйлөрдү каптоо коркунучу бар", - дейт ал.

Мындан тышкары тургун айыл өкмөт башчысына, райондук администрацияга кайрылышканын, бирок өтүнүчтөрү аткарылбай жатканын кошумчалады.

Видео: Окурман

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

02.07.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан