Баткенде мыйзамсыз ташылган 4,5 тоннадан ашык күрүч аныкталды

Баткенде аткезчилик жол менен өлкөгө кирген 4,5 тоннадан ашык күрүч аныкталды. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бажычылар Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери менен биргеликте Өзбекстандын жараны башкарып келе жаткан HYUNDAI PORTER II үлгүсүндөгү унааны текшерүүгө алышкан. Текшерүүдө эч кандай тиешелүү документтери жок эле жалпы салмагы 4640 килограммды түзгөн күрүч товарын алып өтүү аракети аныкталган.

"Кармалган товардын баасы 1 миллион 624 миң сомду түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Бажы кызматы аталган факты каттоого алынып, материалдар юридикалык баа берүү үчүн Баткен облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилгенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан