Бишкекте көрктөндүрүү эрежелерин бузган бир катар компанияларга айып салынды

Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн бир катар компанияларга жана шаардыктарга айып пул салынды. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Арай" курулуш компаниясына Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 117-беренесинин 2-жана 179-берененин 2-бөлүгүн бузгандыгы үчүн жалпы 40 миң сом айып пул салынды.

"Ошондой эле ушул эле компания Ленин районунда газдаштыруу жүргүзгөндүгү аныкталды. Жолдун бузулган бөлүгүн калыбына келтирбегендиги үчүн 23 миң сом суммасында протокол түзүлгөн.

Санитардык тазалыкты сактабагандыгы үчүн 114-берене боюнча 13 миң сом айып пул "Куликовский" кондитердик үйүнө салынды", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары ушул эле берене боюнча "Алхан Адал" ЖЧКсы, "Береке Билдинг" ЖЧКсы, "Фирма сантехника" ААКсы жана "Братство Славян" ЖЧКсы айыпка жыгылды.

Таштандыны белгиленбеген жерге таштагандыгы үчүн К.Д. аттуу шаар тургунуна 5 миң 500 сом айып пул салынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан