Ошто кармалган блогер үй камагына чыгарылды

Ошто акча опузалоого шектелип кармалган блогер Ж.к.Г. үй камагына чыгарылды. Маалыматты Ош шаардык сотунан тастыкташты.

Билдирүүгө таянсак, шектүүнүн баш коргоо чарасы кечээ, 1-июлда каралып, 29-августка чейин үй камагына чыгарылган.

"Сот тарабынан Ж.к.Г.га карата бөгөт коюу чарасын тандоодо шектүүгө коюлган айып Кылмыш-жаза кодексинин 19-беренесине ылайык, (анча оор эмес кылмыш болуп саналгандыгы) туруктуу жашаган жери эске алынган", - деп билдиришти соттон.

Буга чейин блогер 50 миң сом акча алып жаткан жеринен кармалганы маалымдалган. Шектүүгө карата Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренисинин (Опузалап талап кылуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан