Абакта жаткан жаран интернет аркылуу Балыкчы шаарынын тургундарын 100 миң сомго алдап кеткен. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 22-апрелде милицияга Балыкчы шаарынын 1980-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. Арыз ээсинин айтымында, Lalafo жарнама сайтынан Volkswagen Vento унаасынын сатыла турганын көрүп, жазылган номерге байланышка чыгып, ээси менен 110 миң сомго сатып алууну келишкен. Сүйлөшүүдө унааны сатуучу алдын ала "О деньги" мобилдик капчыгына 60 миң сом которуусун айтып, унаа башкаларга сатылып кетпесин кепилдеген. Бирок акча которулгандан кийин сатуучунун телефон номери өчүрүлүп, дайынсыз болуп кеткен.
Бул факты каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Милиция шектүүнүн өздүгүн аныктаган. Ал Чүй облусундагы №3 жаза аткаруу мекемесинде жазасын өтөп жаткан Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын 1995-жылы туулган тургуну болуп чыккан. Шектүү суракка алынып, Балыкчы ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына алынып келинген.
Тергөөдө шектүүнүн дагы бир кибер алдамчылык кылмышка катыштыгы бар экендиги аныкталган. Ал ушул жылдын 13-апрелинде Балыкчы шаарынын 1998-жылы туулган тургунун "Кыргызстан валмарт" телеграм тайпасы аркылуу алдап, акчасын эки эсе көбөйтүп берүүнү убадалаган. Жыйынтыгында жабырлануучунун 40 миң сомун банк картасына салдыртып алган.
"Шектүү аталган экинчи факты боюнча тең күнөөсүн толугу менен моюнуна алып, жабырлануучуларга келтирилген зыяндын ордун толтурууга даяр экендигин билдирди", - деп айтылат маалыматта.