Ошто Барсбек айланма жолунун жанындагы мыйзамсыз курулуштар буздурулууда  

Ош мэриясы тарабынан Көкүмбий жана Б.Осмонов көчөлөрүнүн кесилишиндеги мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда Ош мэриясынан билдиришти.

Ага ылайык, Кулатов кичи районунда көп кабаттуу үйлөрдүн короосундагы мыйзамсыз коммерциялык жана чарбалык объектилер бузулууда.

"Буга чейин аталган курулуштар уруксат кагаздары жок курулуп, көрсөтүлгөн документтер мыйзамсыз экени аныкталган. Менчик ээлерине эскертмелер берилип, тиешелүү органдарга каттар жөнөтүлгөн", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан