Министр Кулубаев менен БУУнун баш катчысы жолугушту. Эмнелер талкууланды?

Бүгүн, 2-июлда Чолпон-Атадагы №2 мамлекеттик резиденцияда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстанга иш сапары менен келген БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушуу өткөрдү.

Анын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланып, эл аралык күн тартиби боюнча жемиштүү пикир алмашуу орун алды.

Анда министр Кулубаев БУУнун Кыргызстандагы мекемелеринин ишмердүүлүгүнө оң баа берди, ошондой эле Тоо күн тартибин илгерилетүү контекстинде климаттын өзгөрүшү маселелерине кеңири токтолду.

Аймактык жана эл аралык коопсуздук маселелерин, анын ичинде Ооганстанды талкуулап, кыргыз тарап 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкер катары Кыргызстандын приоритеттери тууралуу кеңири маалымат берди.

Башкы катчы Гутерриш БУУнун Кыргызстан менен өз ара аракеттенүүсүн жогору баалады, ошондой эле кыргыз тарапка Тоо күн тартибин глобалдык деңгээлде активдүү илгерилетип жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал өз сөзүндө Кыргызстан кооз жаратылышы менен биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо маселесинде башка мамлекеттерге үлгү болуп жатканын белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында министр Жээнбек Кулубаев жана баш катчы Антониу Гутерриш басма сөз каражаттарынын алдында билдирүү жасашты. Тараптар сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары жана жетишилген макулдашуулар, ошондой эле мындан аркы кызматташуу боюнча пландар тууралуу маалымат беришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан