11-июлда Бишкекте "Ак кула" ипподромунун мүлк комплексин сатуу боюнча аукцион өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, буга чейин “Аккула” ипподромунун мүлк комплекси электрондук аукционго коюлган.
Ага ылайык, мүлк комплекси 46 лотко бөлүнгөн. 37 лоттук аукцион 11-июлда өткөрүлөт.
Ал эми муниципалитеттин алдында мүлк комплексинин аймагында мектептерди, бала бакчаларды, инженердик курулуштарды, жолдорду жана жашыл аймактарды куруу үчүн жер тилкелери калтырылды.
Аукциондун жыйынтыгында жер участогу менчикке өткөрүлүп берилет.
"Аукционго катышуу үчүн электрондук санариптик кол тамга флеш-картасын сатып алып, https://auctionetp.gov.kg/msu/ шилтемеси аркылуу катталып, ылайыктуу аукциондук лотту таап, маалыматтарды толтуруп, андан кийин төлөм коду аркылуу катышуу үчүн сумманы төлөө керек", - деп айтылат маалыматта.