Оштон Ысык-Көлгө дагы бир каттам ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаңы ачылган каттамды Sky FRU авиакомпаниясы жумасына төрт жолу - дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби жана бейшемби күндөрү аткарат.
Ал эми кечээ, 1-июлда бул авиакомпаниянын 153 жүргүнчү менен "Ысык-Көл" эл аралык аэропортуна конду. Ушул каттам менен 153 жүргүнчү кайрадан "Ош" эл аралык аэропортуна учуп кеткен.