Ошто оңдоо иштерине байланыштуу бир көчө жабылды

Таттыбүбү Турсунбаева көчөсүнүн бир бөлүгүнөн Исхак Раззаков проспектисине чейинки жолду кеңейтүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда Ош мэриясынан билдиришти.

Ага ылайык, Артыков көчөсү менен Таттыбүбү Турсунбаева көчөсүнүн кесилишинен Космонавттар сейил багына чейин бүгүн саат 22:00дө унаа жолу жабылат.

Ал эми айдоочулардын ыңгайлуулугу үчүн аталган участоктогу экинчи катардагы көчөлөр, анын ичинде Моторная жана Артыков көчөлөрү кесилишкен жерден Исхак Раззаков проспектисине чейин (болжол "Дадабай-Ата"кафеси) жеңил унаалар үчүн жол ачылат.

"Убактылуу ыңгайсыздыктарды туура түшүнүү менен кабыл алууңуздарды суранабыз", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан