"Утарымды сезгем". Блогер Гоар Аветисяндын конкурсунан кыргыз кызы унаа утуп алды

Орусиялык визажист, блогер Гоар Аветисяндын конкурсунан Жалал-Абад облусунун тургуну Гүлзат Кабылжан кызы "BMW X3" үлгүсүндөгү унаа утуп алды. Бул тууралуу блогердин Инстаграм баракчасына жарыяланды.

Кечээ, 2-июль күнү Гоар Аветисян социалдык баракчасында түз эфир аркылуу конкурстун жыйынтыгын чыгарып, анда башкы байгеге 33 жаштагы Гүлзат Кабылжан кызы ээ болгон.

Аны куттуктап байланышка чыкканыбызда унааны утарын сезгенин жана визажисттин өзү менен жолуккусу келип жүргөнүн айтты.

"Гоар Аветисяндын көп жылдан берки катталуучусумун. Инстаграмда конкурс жарыяланган күнү эле дароо катыштым. Конкурстун талабына ылайык, демөөрчү болгондордун бардыгына катталып чыктым. Түз эфир аркылуу жыйынтык чыгарылып, мага байланышка чыгышты.

Буга чейин да бул сыяктуу конкурстарга катышчумун, бирок такыр байгеге ээ болчу эмесмин. Мунусунда конкурстун видеосун көргөндө эле негедир жеңеримди сездим.

Блогерди жактырчумун, кайрымдуулук иштерин көп жасайт. Эми өзүнө барып жолугуп, колун кармаганы турам. 1-2 күндүн ичинде байгемди алганы Москва шаарына жолго чыгам", - дейт Кабылжан кызы.

Ал буга чейин жолдошу экөө Санкт-Петербург шаарында эмгектенип, Кыргызстанга жакында эле келишкен.

"Ал жактан өзүбүздүн унаабызды сатып, Кыргызстанга келгенбиз. Эми кайра унаалуу болуп отурабыз. Сүйүнүп жатам", - деп кошумчалайт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан