Кытай ЖОЖдору кыргыз жарандары үчүн дагы 30 орун бөлдү

Кытайдын Шаньдун профинциясында ЖОЖдор кыргыз жарандары үчүн 30 квота бөлдү. Мындай маалымат Билим берүү жана илим министрлигинин расмий сайтына жайгаштырылды.

Алар төмөндөгү жогорку окуу жайлар:

  • Цилу Технология университетинде (Qilu University of Technology) "машина куруу жана өндүрүштү автоматташтыруу" жана "оптикалык жана электрондук маалымат инженериясы" адистиктери;
  • Шаньдун архитектура жана инженерия университетинде (Shandong Jianzhu University) "бизнес башкаруу", "жарандык курулуш адистиги2;
  • Цзинань университетинде (University of Jinan) "Маалыматтык башкаруу жана маалыматтык системалар" адистиги боюнча документ тапшыруу жүрүүдө.

"Квота боюнча кабыл алууда студенттердин окуу акысын, жашоо чыгымдарын жана медициналык камсыздандырууну төлөйт, бирок ай сайын төлөнүүчү стипендия берилбейт", - деп жазылган анда.

ЖОЖдорго тапшырууну каалагандар онлайн арыз толтуруп, документтерди веб-сайтка жүктөшүү керек:

  • Qilu технология университетинин веб-сайты;
  • Цзинань университетинин сайты;
  • Шаньдун архитектура жана инженерия университетинин веб-сайты.

Университеттерге тапшыруу тууралуу толук маалымат төмөндөгү шилтемелерде:

  • Цилу Технология университети тууралуу шилтемеде;
  • Шаньдун архитектура жана инженерия университетинин шарттары;
  • Цзинань университетинин шарттары шилтемеде.

Буга чейин Синцзян-Уйгур автономдуу районундагы жогорку окуу жайларында билим алууга кыргызстандыктарга 125 стипендиялык орун бөлүнгөнү кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан