Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында экстремисттик идеологияны үгүттөп жүргөн шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, атайын кызмат Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренесинин (Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо) 2-бөлүгү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында "Йакын Инкар" диний-экстремисттик агымынын активдүү 6 мүчөсүн кармаган. Аларды тинтүүдө көп сандаган экстремисттик адабияттар, экстремисттик мүнөздөгү материалдары бар баракчалар, салмагы 1 килограммдан ашуун баңгизат табылган.
"Шектүүлөр "Йакын Инкар" экстремисттик агымына жаңы адамдарды тартуу үчүн жергиликтүү калк арасында экстремисттик идеологияны үгүттөө иштерин жүргүзүп келишкен", - деп айтылат маалыматта.
УКМК кармалгандар тергөө абагына киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.