Бүгүн, 3-июлга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11 миллиард 112 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” мамлекеттик ишканасынын маалыматында айтылат.
"Суунун агып келиши секундасына 1082 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 451 куб метрди түзүүдө", - деп айтылат анда.
Ал эми кечээ анда суунун көлөмү 11 миллиард 58 миллион куб метрди түзгөн болчу.