Эркин күрөш боюнча Азиянын үч жолку чемпиону Орозбек Токтомамбетов туунун үстүнө отурганы боюнча социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.
Анда ал желекти тебелебегенин, таазим кылып, тууну өөп койгусу келгенин айтты.
"Мен ар дайым желекти жаныма алып жүрөм. Аллага шүгүр, 23 жашка чейинки балбандар арасында Азиянын үч жолку чемпиону болдум. Желекти дүйнө жүзүнө таанытайын, желбиретейин деп машыгып келем. Желекти тебелеген жокмун. Тизе бүгүп таазим кылып, сажда кылып өөп коёюн дегем. Ошол учурда калыс келип калды. Мен кайра туруп желекти желбиреттим. Желек мен үчүн ар дайым ыйык жана баалуу. Туура түшүнгүлө", - деген спортчу.
Белгилей кетсек, Амман шаарында өткөн Азия чемпиондугунда Орозбек Токтомамбетов 74 килограмм салмакта алтын медаль уткан. Балбан жеңген учурда мамлекеттик тууну жерге жайып, үстүнө отурган. Анын мындай кадамы интернетте сын-пикир жараткан.