Бишкектеги Төмөнкү Ала-Арча айылынын Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун (ҮДТ) кызматкерлерине 46 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, ҮДТнын жанаша аймагында ташталган медициналык каражаттар (ачык шприцтер жана ампулалар, кол каптар жана башка дары-дармек каражаттарынын калдыктары) болгон.
Бул боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде медицина кызматкерлерине протоколдор түзүлүп, 46 000 сом айып салынган. Түшүндүрүү иштери да жүргүзүлгөнү айтылды.
Белгилей кетсек, бардык медициналык калдыктар коопсуз түрдө жок кылынышы керек.