VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтүшү мүмкүн

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызстан менен Казакстандын көчмөндөр оюндарына даярдыкты талкуулоо учурунда айтылды.

Маалыматка ылайык, Астана шаарында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу менен Казакстандын туризм жана спорт министри Ермек Маржикпаев жыйын өткөргөн.

Жыйындын жүрүшүндө 5-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында күндүн символу бар логотип жана ыйык элемент катары суу колдонуу сыяктуу маанилүү салттык элементтер сакталып калганы айтылган.

"Оюндардын ачылыш аземинде кыргыз делегациясы спортчулардын парадын ачып, салтанатта Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий гимни жаңырат.

Ошондой эле кийинки оюндарды Кыргызстанда өткөрүү маселеси да талкууланды", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин да маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын Кыргызстанда өткөрүү пландалып жатканын айткан.

Белгилей кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары буга чейин үч жолу Кыргызстанда, бир ирет Түркияда болгон. Быйыл 8-14-сентябрь күндөрү Казакстандын борбору Астанада өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан