Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында мыйзамсыз иштеп жаткан диний билим берүү мекемеси аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, көрсөтүлгөн диний мекеме дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу органдан каттоодон өтпөстөн жана дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу органдан уруксат документтери жок иш жүргүзүп келген.
Текшерүү учурунда ал жерде үч мугалим иштеп, 35тен ашык жашы жете элек балдар билим алып жатканы аныкталган.
"Текшерүүнүн жыйынтыгы менен диний билим берүү мекемесинин ишмердүүлүгү убактылуу токтотулуп, алдын алуу чаралары көрүлдү", - деп айтылат маалыматта.