Ноокаттагы сел: Тоо башында калып калган 200 унаага жол ачылары айтылды

Ноокат районунун Абшыр-Ата айылындагы тоодо калып калган 200дөн ашуун унаага ушул жума жол ачылат. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалым болгондой, жолду ачуу тапшырмасын облус башчысы Элчибек Жантаев тиешелүү кызматтарга тапшырган.

"Ош-Баткен жолун байланыштырган көпүрө убактылуу калыбына келтирилип, жаңы көпүрө салынууда. Ошол жактагы техника, жумушчу күчтөрдү бул жакка жөнөткүлө. Тоо башындагы 200дөн ашык унаага жол ачуу үчүн бардык күчтү жумшаңыздар. Оор техникалардын жардамы менен ушул жума бүтүрүү керек", - деген ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан