Минск шаарында Беларусту фашисттик баскынчылардан бошотуунун 80 жылдыгына арналган аскердик парад өттү. Ага Кыргызстан, Орусия Азербайжан, Казакстан, Кытай, Тажикстан, Өзбекстандан аскер кызматчылары катышты.
Улуттук гвардиянын маалымат кызматы тактагандай, бүгүн, 3-июлда өткөн парадга Куралдуу күчтөрдүн Улуттук гвардиясынын Ардак кароол ротасы катышты.
Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, 60 аскер кызматчылары парадга катышуу үчүн 26-июнда Минскке барышкан.
Парадга жалпы 5 миңден ашык аскер кызматчылары катышканын Беларусь өлкөсүнүн басылмалары жазышты.
Видео: Улуттук гвардия