Кытайда аял 20 жыл бою граната менен мык кагып келген

Кытайда 90 жаштагы пенсионер 20 жыл бою кол гранатасы менен мык кагып келген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Анда айтылгандай, аял бул убакыт ичинде гранатаны жөн гана өзгөчө формадагы балка деп ойлоп, колдонуп жүргөн.

Аял бул кооптуу затты өзүнүн фермасында иштеп жүрүп таап алганын айткан. Ал граната менен мык кагып эле тим болбостон, жаңгактарды чагып, калемпирлерди майдалаган. Көп жыл колдонулгандыктан гранатанын айрым жерлери ийилип калган.

"Пенсионердин үйүн бузуп жаткан жумушчулар гранатаны байкап калышып, полицияны чакырышкан. Өз учурунда алар жарылуучу затты жардырып жок кылышкан.

Полиция кызматкерлери айыл тургундарына табылган буюмдарды балка катары колдонбоо керектигин эскертип, кооптуу буюм таап алган кезде дароо полицияга кайрылууга чакырган", - деп айтылат маалыматта.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан