Айрым аймактарда өткүн өтөт. 4-июлга карата аба ырайы

4-июлда түнкүсүн Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +29…+34,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +10…+15, күндүз +27…+32,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +31…+36,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+27,

Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +31…+33 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан