УКМК жеке менчикке мыйзамсыз берилген мүлктөрдү жана жер тилкелерин аныктоо иштерин улантууда. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда УКМКдан билдиребиз.
Ага ылайык, жүргүзүлгөн иш-чаранын алкагында А.Б. аттуу жаран ЖЧКнын жетекчиси болуп турганда 2005-жылы Самаркандек айыл өкмөтүнүн токтомун жасалма кылып, Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан 3 чарчы метр гараждык кооперативди жеке менчикке өткөрүп алганы аныкталды.
"Текшерүүнүн жыйынтыгында аталган ишкананын жетекчиси укук белгилөөчү документтерди бурмалоо фактысын моюнуна алган. Ал Самаркандек айыл өкмөтүнүн балансына өз ыктыяры менен имараттары бар, сметалык баасы 32 миллион сомдон ашык болгон жер тилкесин өткөрүп берди", - деп айтылат маалыматта.
УКМК жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен жер тилкелерин аныктоо иштерин улантууда.