Бүгүн, 3-июлда жарандардын диний радикалдашуусун, экстремисттик жана террордук уюмдарга азгырылуусун алдын алуу боюнча семинар-тренинг өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Ага президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери, акимдердин орун басарлары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери, жергиликтүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
Иш-чарада ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкери Самат Осмонов баяндама жасады.
"Анда экстремисттик ишмердүүлүккө каршы аракеттенүү боюнча ИИМ тарабынан аткарылган иштер, Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик-террористтик уюмдардын коомго тийгизген таасири, экстремизмге байланыштуу учурдагы кырдаал жана коркунучтар тууралуу айтылды. Ошондой эле Чүй облусу боюнча экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жаатында көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө дагы сөз болду", - деп жазылат маалыматта.
Мындан тышкары буга байланыштуу Чүй ОИИББинин аткарган иштерине токтолушуп, жаралган көйгөйлөр боюнча айрым маселелер талкууланды.