Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу коңшу өлкөгө ири суммадагы акчаны алып өтүүгө аракет кылган чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 1971-жылы туулган кытай жаранынын жанынан 30 миллион 601 миң сом (350 миң доллар) табылган. Ал акча каражаттарын декларацияда көрсөтпөстөн алып чыгууга аракет кылган.
Аталган кызмат тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран жана акча каражаттары укук коргоо органдарына териштирүү үчүн өткөрүлүп берилгенин кошумчалады.