Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Санкт-Петербургда кыргызстандыктар менен жолукту (фото)

Санкт-Петербургда акыйкатчы Жамиля Жаманбаева менен Орусиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова эмгек миграциясында жүргөн кыргыз жарандарын кабыл алышты. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда Санкт-Петербургдагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү акыйкатчыга мигранттардын укуктарынын системалуу түрдө бузулушун коргоого көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Жолугушууга келгендердин көпчүлүгү миграциялык каттоого туруу учурундагы кыйынчылыктарга нааразы болгону айтылат.

"Алардын айтымында, кезек күтүүнүн мөөнөтү узак болгонуна байланыштуу документ иштери убагында бүтпөй калып жаткан. Мындан сырткары мигранттар каттоого турушу керек болгон турак жайдын ээсинин болушу талап кылынат. Мындан улам мигранттар өз убагында миграциялык каттоого турууга үлгүрбөй, Орусияда убактылуу жүрүү мөөнөтүн калыбына келтирүү үчүн Кыргызстанга кайтып келүүгө аргасыз болууда", - деп жазылат маалыматта.

Диаспоранын өкүлдөрү административдик тартип бузгандыгы үчүн өлкөдөн депортациялоо менен байланышкан мигранттардын көйгөйлөрүнө көңүл бурууну суранышып, мындай абалга кабылган жаран тууралуу маалымат беришкен.

"Жакында эле Кыргызстандын Орусияда эмгектенип, жашап жүргөн жаранынын жолдошу мага телефон чалып кайрылды. Ал жубайын административдик тартип бузгандыгы үчүн өлкөдөн чыгарып жатышканын айтты. Сот депортациялоо чечимин чыгарган. Азыр ал келин Санкт-Петербург шаарынын Красное айылындагы мигранттарды убактылуу кармоочу жайда кармалып турат. Анын кичинекей балдары кароосуз калган", - деген диаспора өкүлдөрү.

Өз кезегинде Жамиля Жаманбаева бул маселени жеке көзөмөлүнө ала турганын билдирип, бул тууралуу КМШнын адам укуктары боюнча комиссиясынын жыйынында талкууланганын кошумчалады.

"Кыргызстан мигранттардын укуктары тууралуу мыйзамдардын катаалдыгына көңүл буруу зарылдыгы тууралуу комиссиянын кароосуна сунуш киргизген. Анткени Орусиянын мыйзамына ылайык 3 жыл ичинде эки жолу административдик укук бузгандыгы үчүн жарандар депортацияланат. Биз депортацияга альтернативалык айып пул салуу же миграциялык мыйзамдардын нормаларын жеңилдетүү жагын карап чыгууну сунуштайбыз", - деген акыйкатчы.

Татьяна Москалькова депортация эрежелери боюнча мыйзам чыгаруу органына мурда сунуш болгонун, ал жарым-жартылай колдоого алынганын баса белгиледи.

"Азыр айрым административдик укук бузуулар үчүн айып пул түрүндөгү альтернатива бар. Жыл ичинде бизге Орусияда жүргөн Кыргызстандын 28 жараны кайрылса, анын ичинен 10 кайрылуу оң жагына чечилген. Кайрылуулардын көпчүлүгү депортация маселесине байланыштуу болгон. Сотто биз өлкөдөн чыгаруудан башка альтернативдүү чараларды колдонуу зарылдыгын далилдейбиз", - деди Москалькова.

Бул маалымат жарыяланган учурда жогоруда айтылган кыргыз жаранын Орусиянын аймагынан мажбурлап чыгаруу боюнча чечим кабыл алынганы белгилүү болду. Ага балдары менен өлкөдөн чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан