УКМК маркум Алманбет Анапияевдин бир тууганын кармады

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгон маркум Алманбет Анапияевдин бир тууганы А.Г. аттуу жаран алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК бүгүн, 3-июлда кабарлады.

Маалыматка ылайык, шектүү А.А. аттуу жарандын ишенимине кирип «ДСШ» маркасындагы көмүрдү көп өлчөмдө жана арзан баада (1 килограмм көмүрдүн баасы 1,6 сомдон) сатууну убадалап, андан 100 миң доллар алып, ар кандай шылтоолор менен мурда алган акчасын кайтаруудан баш тарткан.

"2-июлда Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96 жана 97-беренелеринин тартибинде ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча А.Г. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп жазылат маалыматта.

Учурда аталган кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.

03.07.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан